ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 107
(1-161)

Сенин денеңде жана сенин бакчаңца, сенин атамекениңде, сенин жашооңо керектүү жана ылайык бардык керектүү нерселерди жана жабдыктарды хикмет, инайет жана рахмет менен даярдаган жана убактысында жетиштирген, керек болсо сенин кардындын түбөлүктүүлүк жана жашоо арзуусу менен жекече жана кичине болгон ырыскы дубасын билген жана уккан, санак жеткис даамдуу тамактар менен ошол дубаны кабьгг эткенин көргөзгөн жана курсагын тойгузган бир Мутасаррыф-ы Кадир*, эч мүмкүн бекен ; сени билбесин, көрбөсүн жана адамзаттын эң чоң максаты болгон түбөлүктүү өлбөс-өч-пөс жашоону даярдабасын?! Жана адам баласынын эң чоң, эң маанилүү, абдан ылайык жана жалпы болгон түбөлүктүүлүктү каалаган арзуусун тигил дүйнөнү куруу менен жана Бейишти жаратуу менен кабыл этпесин?! Жана каинаттын эң маанилүү макулугу, Жер Жүзүнүн султаны болгон адам баласынын асман менен жерди жаңырткан жалпы жана абдан күчтүү дубасын укпастан кичине карын-чалык маани бербесин, ыраазы кылбасын?! Кемал-и хикметин жана соңсуз рахметин жокко чыгарттырсын?! Хаша, жүз миңжолу хаша!!!

Ошондой эле эч мүмкүн бекен: өмүрдүн эң кичинесинин абдан жашыруун үнүн уксун, дартын эшитсин, дарман берсин, эркелетсин жана абдан чебердөө жана абайлоо менен азыктандырсын, ага дыккаттуулук менен кызмат кылдырсын, чоң макулуктарын ага кызматчы кылсын, андан кийин эң чоң, кымбаттуу, түбөлүктүү, назик бир өмүрдүн чагылган сыяктуу бийик үнүн укпасын?!
Үн жок