ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 110
(1-161)

Так ошондойчо; бул каинатта эсерлери* менен бар экендиги даана жана апа-чык көрүнгөн Кудурет-и Мутлака*, Ираде-и Шамиле* жана Илм-и Мухит* сыяктуу сыпаттар бардык далилдери менен бирге Зат-ы Хайй-ы Каййумдун жашоосуна жана Вүжуб-у Вүжудуна* ша-хадат этишет жана бүткүл каинатты бир көлөкөсү менен жарыктандырган жана бир чагылуусу менен Акырет ааламынын бардыгын эң кичинекей нерсеси менен бирге жандандырган түбөлүктүү бүтпөс жашоосуна шахадат кылышат.

Ошондой эле өмүр "периштелерге ыйман келтирүү" шартына да карайт, ишаарат кылып далилдейт.

Анткени, каинатта эң маанилүү натый-жа - өмүр жана эң көп жайылган кым-баттуулугу үчүн нускалары көбөйтүлгөн жана Дүйнө шарынын мейманканасын келген кеткен кербендер менен толтургандар - жандуу нерселер.

Жана Дүйнө Шары мынчалык тирүү жандардын түрлөрү менен толтурулган экен жана тирүү жандардын түрүн дайыма жаңыртып көбөйтүү хикмети менен ар у-бакыт толуп бошолот жана эң жаман, чириген нерселерде да көптөгөн жандуулар жаратылып махшер-и хүвейнат* пайда болууда жашоонун сүзүлүп алынган эң таза өзөгү болгон акыл, нурдуу жана асыл ташы болгон рух; Дүйнө Шарында абдан көптөгөн санда жаратылууда, Дүйнө Шары кудум акыл, рух, жашоо менен жандандырылгандай болуп шаңдандырылган экен.... Андай болсо албетте бул Дүйнөдөн да латиф, нурдуурак, чоңураак, маанилүүрөөк болгон асмандын рухсуз чоң нерселери өлүү, жансыз, жашоосуз, акылсыз калуусу мүмкүн эмес!!!

Үн жок