ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 108
(1-161)

Жана анын Бе-йишке болгон абдан маанилүү каалоосун жана дубасын назарга албасын?! Кудум бир аскерди абдан жакшылап камсыз кылсын, бирок моюн сунган тарбиялуу бир полк аскерди карабасын, камсыздандырбасын?! Бир атомду көрсүн, Күндү көрбөсүн?! Чиркейдин үнүн уксун, Күндүн күркүрөөсүн укпасын?! Хаша, жүз миңжолу хаша!!!

Ошондой эле, эч бир жактан акыл ка-был этет бекен; чексиз рахйети жана сүйүүсү болгон мээримдүү, өзүнүн сан'атын абдан сүйөт, өзүн сүйдүрүп жана Аны сүйгөндөрдү абдан жакшы көргөн бир Зат-ы Кадир-и Рахим*, эң көп өзүн сүйгөн жана сүйүмдүү жана сүйүлгөн жана Устасын жаратылышынан жакшы көрүп ибаадат кылган өмүрдү жана өмүрдүн асыл ташы болгон рухту түбөлүктүү өлүм менен өлтүрүп ошол сүйүктүү кулун түбөлүктүү түрдө таарынтсын жана аны абдан жаман ирээнжитип рахмет сырын жана мухаббет* нурун жокко чыгарсын жана чыгарттырсын?! Хаша, жүз миң жолу хаша жана келла?!

Бул каинатты чагылуулары менен кооздогон бир Жамал-и Мутлак* жана жалпы макулуктарды сүйүндүргөн бир Рахмет-и Мутлакка*, мындай абдан жийиркеничтүү нерседен жана бүтпөс күнөөдөн жана мындай эң жаман зулумдан, ырайымсыздыктан албетте жана албетте абдан узак, мүнеззех жана ыйык турат.

Натыйжа: Дүйнөдө өмүр бар болсо ал-бетте адамдардын ичинен өмүрдүн сырын түшүнгөндөр, өмүрүн бош нерселерге, жаман нерселерге колдонбогондор түбөлүктүү.жерде жана Бейиште бүтпөс-өл-бөс жашоого ылайык болушат. Аменна.*

Үн жок