ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 109
(1-161)

Ошондой эле кандайча Жер Жүзүндө бар болгон жаркырак нерселердин Күндүн шооласы тийгенде жаркыроолору жана деңиздин көбүктөрү шоола тийгенде жалтылдап өчүүлөрү, аркадан келген кө-бүктөр кеткен көбүктөр сыяктуу кайрадан мисалдуу кичинекей Күндөргө күзгү болуусу апачык муну көрсөтөт: ошол шоолалар бийик жерде бир гана Күндүн чагылуусу жана Күндүн бар экендигин көптөгөн тилдер менен жарыялашууда жана шоола колдору менен Күндү көрсөтүүдө.

Так ошондойчо: Зат-ы Хайй-ы Каййумдун* Мухйи ысмынын чоң чагылуусу менен топурактын бетиндеги жана деңиздин ичиндеги жандуу нерселердин Аллахтын кудурети менен жаркырап, аркаларынан келгендерге жер берүү үчүн "Йа Хайй" дешип кайып пардасынын аркасына жашынуулары бир түбөлүктүү өмүр ээси болгон Зат-ы Хайй-ы Каййумдун* жашоосуна жана Вүжуб-у Вүжудуна* шахадат, ишаарат кылган сыяктуу, жалпы бардык нерсенин тартиптүүлүгүндө изи көрүнгөн Аллахтын Илимине күбө болгон бардык далилдер жана каинатка бийлигин жүргүзгөн Кудуретти далилдеген бардык далилдер жана каинатты тартипке келтирген жана башкарган Аллахтын эркин жана күчүн далилдеген бүткүл хүж-жеттер*, Раббаний сөздөрдүн жана Аллахтын вахйинин* жери болгон пайгамбарчылыктарды далилдеген бардык алааматтар, мужизелер жана башкалар.... Аллахтын жети сыпатына ( жашоо, илим, кудурет, эрк, көрүү, угуу,керем) шахадат эткен далилдердин бардыгы биригишип Зат-ы Хайй-ы Каййумдун жашоосуна далил, шахадат жана ишаарат кылышат.

Себеби, кандайча бир нерседе көрүү бар болсо, жашоосу да бар. Угуу бар болсо - жашоонун алааматы. Сүйлөө бар болсо жашоонун бар экендигине ишаарат кылат. Эрк бар болсо жашоону көрсөтөт.

Үн жок