ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 111
(1-161)

Демек асманды, күндөрдү, жылдыздарды шаңдандырып жандандыра турган асман ааламынын жаратылыш натыйжасын көрсөтө турган Хитабат-ы Субханийеге* ылайык боло турган акылдуу, жандуу асманга ылайык жашоочулары бар жана алар периштелер деп аталат.

Ошондой эле жашоонун ич жүзүнүн сыры "пайгамабарларга ыйман келтирүү" шартына ишаарат кылып далилдейт.

Каинат жашоо үчүн жаратылган жана жашоо дагы бир Хайй-ы Каййум-у Эзелинин* бир улуу чагылуусу. Укмуштай оймо-чиймеси жана эң сонун сан'аты. Түбөлүктүү жашоо пайгамбарлардын жиберилүусү менен жана китептердин түшүрүлүүсү мснен өзүн көрсөтөт. Эгер китептер жана пайгамбар болбой турган болсо ошол эзели жашоо билинбейт.

Кандайча; бир адамдын сүйлөөсү менен анын тирүү жана жашап жаткандыгын билдирет. Так ошондой эле, бул каинаттын пардасы аркасында болгон кайып ааламынын аркасында сүйлөгөн, буйрук берген жана тыюу салган Бирөөнүн сөздөрүн, буйруктарын көрсөтө турган пайгамбарлар жана асмандан түшкөн китептер бар болот. Албетте каинаттагы жашоо кескин түрдө Хайй-ы Эзелинин Вү-жуб-у вүжубуна дапдаана шахадат кылгандай ошол эзели жашоонун шооласы, чагылуусу жана байланышы болгон "Жиберилген пайгамбарлар жана түшкөн китептерге ыйман келтирүү"шарттарына ишаарат этип далилдейт. Айрыкча Хазрет-и Мухаммед Алейхисселату Веселамдын пайгамбарлыгы жана вахй менен түшкөн Кур'ан жашоонун руху жана акылы сыяктуу болгондугунан, бул жашоонун бар болуусу сыяктуу алардын да жашоосу да акыйкат экендиги анык деп айтса болот.

Үн жок