Кайып ааламынын бир түрү болгон рухтар ааламы - жашоонун дал өзү жана мадде-и хайат* жана жашоонун асыл таштары, заттары болгон рух менен толтура болуусу, албетте өткөн чак жана келечек деп айтылган кайып ааламынын бир башка түрү жана экинчи бөлүмү да жашоонун чагылуусуна ылайык болуусун каалайт жана талап кылат.
Ошондой эле бир нерсенин илиминин болуусундагы укмуштай тартиптүүлүк жана маанилүү ахыбалдары, жандуу мөмөлөрү, кыймыл-аракеттери бир түрдүү рухий жашоого ылайыктуулугун көрсөтөт.
Ооба, эзели жашоонун Күнүнүн шооласы болгон мындай жашоонун чагылуусу, албетте жалгыз гана бул көрүнгөн Дүйнөдө жана азыркы заманга жана бул вүжуд-у харижийеге* тиешелүү боло албайт. Балким, ар бир аалам жөндөмдүүлүгүнө жараша ошол шооланын чагылуусуна ылайык жана каинат бардык ааламдары менен ошол чагылуу менен жашоо жана нуруна бөлөнүүдө. Болбосо атеисттердш көз карашы сыяктуу көргөндөй туруксу: жана көрүнүштөгү бир жашоо алдыщц ар бир аалам чоң жана коркунучтуу жана-за жана караңгы калган кыйрап жок болгон ааламга айланат эле.
Мына, "Тагдырга жана казага ыйман' келтирүү шартынын да кенен жагы да жашоонун сыры менен билинет жана туруктуу калат. Башкача айтканда, кандайча азыркы дүйнө бар, даяр нерсе интизам (тартиби) менен жана натыйжалары менен тирүү экендиги көрүнүүдө.... так ошондойчо, кайып ааламынан деп эсептелген өткөн жана келечек макулуктардын да рухий жактан тирүү бир вүжуд-у мааневилери жана рухтуу бирден туруктуу илимдери бар: "Левх-и каза жана тагдыр" байланышы менен ошол рухий жашоонун эсери (изи) "мукаддерат" наамы менен көрүнөт, билинет.