ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 116
(1-161)

БИРИНЧИ МАСЕЛЕ: Рухтардын жасаттарына келүүсүнө мисал болсо; абдан мунтазам (тартиптүү) бир полк аскерди эс алыш үчүн ар тарапка жайылып кеткенде үнү бийик чыккан сурнай үнү менен жыйналуулары. Исрафилдин сурнайы болгон "Суру" мисалдагы аскерлердин сурнайынан артта калбаганы сыяктуу эбеддер (түбөлүктүүлүктөр) тарабында жана атомдор ааламында болуп турганда эзел жактан келген 

اَلَسْتُ بِرَبِّكُمْ суроосун уккан жана قَالُوا بَلَى жооп берген рухтар албетте*мисалдагы аскерлерден миң эсе тартиптүү, баш ийүүчү жана тил алчаак болушат. Ошондой эле жалгыз гана рухтар эмес балким бардык молекулалар дагы бир ордуйу Субхани* жана буйрук аткаруучу аскерлери болгондугун даана далилдер менен "Отузунчу Сөз" далилдеген.

ЭКИНЧИ МАСЕЛЕ: Жасаттардын тирилүүсүнө мисал болсо; абдан чоң, шааншөкөттүү караңгыда бир гана борбордон жүз миңдеген электр лампалары замансыз, күтүлбөстөн жануулары жана жарыктануулары сыяктуу Дүйнө шарынын бардык жеринде да бир гана борбордон жүз миллиондогон лампаларга жарык берүү мүмкүн. Женаб-ы Хактын электр сы-яктуу бир макулугу жана бир мейманканада бир кызматчысы, шамданы, Жаратуучусунан алган тарбия жана интизам (тартип) сабагы менен бул жагдайга туш келүүдө; албетте электр сыяктуу миңдеген нурдуу кызматчыларынын тамсил этишкен Аллахтын хикметинин мунтазам (тартиптүү) мыйзамдарынын айланасын да Улуу Хашир көз ачып жумгуча пайда боло алат.

Үн жок