ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 118
(1-161)

Бул Дүйнө - хикмет жери жана Акырет - кудурет жери болгондугунан Дүйнөдө Хаким, Мүреттиб, Мүдеббир, Мүребби сыяктуу көптөгөн ысымдарынын талап кылуусу менен дүйнөдө нерсенин жаралуусу бир даража акырындап акырындап жана белгилүү бир убакыт менен болуусу Раббаний хикметтин талабы менен болууда.

Акыретте болсо, хикметке караганда кудурет жана рахмет көрүнгөнү үчүн материяга, убакытка, мөөнөткө жана күтүүгө муктаж кылбагандыгынан нерселер көз ачып жумгуча жаралат.

Бул жерде бир күндө жана бир жылда жасалган иштер тигил дүйнөдө ошол замат, көз ачып жумгуча жарала тургандыгына ишаарат кылган Кур'ан-ы Мужиз-ул Баян: 


وَمَآ اَمْرُ السَّاعَةِ اِلاَّ كَلَمْحِ الْبَصَرِ اَوْ هُوَ اَقْرَبُ


деп кабар берүүдө.

Эгер Хаширдин келүүсүн келечек жаз көктөмүнүн келүүсү сыяктуу абдан ачык түрдө билгиң келсе хашир тууралуу "Онунчу Сөз" жана "Жыйырма Тогузунчу Сөздү" дыккаттуулук менен оку, карап көр. Эгер жаз көктөмүнүн келүүсү сыяктуу ишенбесең анда сөөмөйүң менен көзүмдү чукуп ал!!!

Үн жок