ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 120
(1-161)

Сен эй адам баласы, десең: "Ишенбеймин". Канчалык келесоочо жокко чыгаруу экендигин түшүнөсүң.

Так эле ушул мисал сыяктуу; эч нерселиктен, жоктон, жаңыдан ошол полкко окшош бардык айбанат жана башка жандуулар жанагы полк сымал жасаттарын укмуштай тартиптүүлүк менен жана ми-зан-ы хикмет* менен ошол денелердин молекулаларын жана сезимдерин "Күн фейе кун"буиругу менен таркеп жерлештирген жана ар кылымда, керек болсо ар жаз көктөмүндө Дүйнө жүзүндө жүз миңдеген жогоруда айтылган сыяктуу жандуулардын түрлөрүн, группаларын жараткан бир Зат-ы Кадир-и Алим* полк сыяктуу жасаттын мыйзамы алдына кирүү менен бири бири менен таанышкан негизги молекулалар жана негизги бөлүктөрүн бир үн салуу менен Исрафилдин сурнайы менен кантип топтой алат?", деп болуусу эч мүмкүн болбоочудай айтса болобу? Эгер ошентип айтылса келесоочо бир жиндилик болуп саналат.

Ошондой эле Кур'ан Женаб-ы Хактын тигил дүйнөдөгү укмуштай сонун иштерин жүрөккө кабыл эттирүү үчүн даяр а-хыбалда жана акыл-эсти кубаттоого даярдаш үчүн бир и'дадийе* түрүндөгү дүйнөдөгү ажайыптуу иштеринен сөз кылган.
Үн жок