ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 123
(1-161)

Мындай дейт:

Хаширде силерди тирилте турган Аллахтын күчү ушунчалык дейсиң; каинаттын бардыгы Анын баш ийген аскерлери сыяктуу "Күн фейе күн" буйругуна каршы унчукпастан баш ийишет. Бир жаз көктөмүн жаратуу Ага бир гүлдү жаратуу сыяктуу оңой келет. Бардык айбанатты жаратуу Ага бир чымынды жаратуудай кудуретине жеңил келет. Ушундай Кудайга каршы 


مَنْ يُحْيِ الْعِظَامَ

Деп кудуретин дармансыз деп ойлоп каршы чыгууга болбойт!!! Андан кийин 


فَسُبْحَانَ الَّذِى بِيَدِهِ مَلَكُوتُ كُلِّ شَىْءٍ


деп айтуу менен; бүт нерсенин тизгини колунда, бардык нерсенин ачкычы жанында, түн менен күндү, жаз менен кышты бир китептин барактары сыяктуу оңой барактайт. Дүйнө жана Акыретти эки үй сыяктуу; бирин жаап, экинчисин ачкан - бир Кадир-и Зулжелал болот. Андай экен бардык далилдердин натыйжасы катары 

وَاِلَيْهِ تُرْجَعُونَ


ашкача айтканда: мүрзөдөн силерди тирилтип, Хаширге алып келип, улуу кузурунда суракка тартат.

Үн жок