ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 122
(1-161)

Ошондой эле Женаб-ы Хактын адамга жасаган улуу ихсанатын 

اَلَّذِى جَعَلَ لَكُمْ مِنَ الشَّجَرِ الاَخْضَرِ نَارًا

сөзү менен ишаарат кылып мындай дейт: " Силерге мындай ниметтерди берген Аллах силерди башы бош таштабайт, мүрзөгө кирип кайра тирилбөө үчүн жатсындеп!!!!

Ошондой эле ишаарат кылып мындай дейт:

Куурап өлүп калган дарактардын тйрилип жашыл түскө боёнуусун көрүп турасыңар; отун сыяктуу сөөктөрдүн тирилүүсүн салыштыра албай, акыл кабыл этпейт дейсиңер. Ошондой эле асман менен жерди жараткан Аллахка асман менен жердин мөмөсү болгон адамзатты тирилтип жана өлтүрүү оор келе алабы? Килейген даракты башкарган мөмөсүнө маани бербестен башка бирөөнүн колуна берип коймок беле? Бардык дарактардын натыйжасын таштоо менен бардык нерсеси жана хикмети менен жуурулган жаратуу дарагын маанисиз, бош таштайт деп ойлойсуңарбы?

Үн жок