ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 125
(1-161)

Мына бул сүрөөлөрдө Кыяматжана Хаширдеги улуу төңкөрүштү жана Тасарруфат-ы Рубубийетти* мындайча сүрөттөйт: Адам баласы алардын ичинде мисалдарын бул дүйнөдө, мисалы күздө, жазда көргөнү үчүн жүрөккө коркунуч берип акылга сыйбаган ошол төңкөрүштү оңой эле ка-был этет. Ушул үч сүрөөнүн түшүндүрмөсүнө ишаараты абдан узун болот. Ошол үчүн бир гана сөздү мисал катары көрсөтө-бүз.

Мисалы

اِذَا الصُّحُفُ نُشِرَتْ


сөзү менен муну түшүндүрөт:

"Хаширде ар кимдин бардык амалдары бир баракка жазылуу түрүндө ачылат. Ушул маселе өзүнөн өзү абдан ажайыптуу болгондугунан акыл ага жол таба албайт. Бирок, сүрөөнүн ишаарат кылганындай жаз көктөмүнүн тирилүүсүндө башка чекиттердин назиреси (мисалы) болгонундай ушул барактардын ачылуусу мисалы (назиреси) абдан ачык көрүнүштө. Анткени ар бир мөмөлүү дарак жана гүлдүү бир чөптүн да амалдары бар, кылган иштери бар, милдеттери бар. Аллахтын Ысымдарын кандай түрдө көрсөтүп тесби-хат* окуган болсо кулчулугу бар. Мына анын бул бардык амалдары жашоо тарыхтары менен бирге жалпы данектеринде, урукчаларында жазылып башка бир жаз көктөмүндө, башка бир жерде чыгат.
Үн жок