ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 128
(1-161)

КОШУМЧАНЫН БЕШИНЧИ БӨЛҮМҮ

Ооба, Хадистин билдирүүсү боюнча.адамзаттын эң жакшы тандалган өкүлдөрү болгон жүз жыйырма төрт миң пайгам-бардын ижма жана теватүр менен, бир бөлүгү күбө болуу менен, Бир бөлүгү хаккалйакин көрүүлөрүнө таянанышып, бардыгы биригип акырет жөнүндө сөз кылышып, адамдардын бардыгы ал жакка тургандыгы жөнүндө жана бул Каинаттын Жаратуучусунун кескин түрдө убада берген акыретти жарата тургандыгы жөнүндө кабар беришкендери сыяктуу; жана алар беришкен кабарды кешиф* жана көрүү менен илмелйакин түрдө кубаттаган жүз жыйырма төрт миллион олуянын ошол эле акыретке болгон шахадаттары менен жана бул каинаттын Сани-и Хакиминин бардык ысымдары бул дүйнөдө көрсөтүшкөн чагылуулары менен бир тү-бөлүктүү бүтпөс ааламды апачык түрдө талап кылуулары менен кайра эле ошол акыретке болгон далилдери менен; жана ар жылы жаз айында Дүйнө жүзүндө бутунда турган сан жана санак жеткис өлгөн, куурап калган дарактардын жаназаларын "Күн фейе күн" буйругу менен тирилтип, "ба^су-ба^делмевтке" ылайык кылган жана хашир менен неширдин жүз миңдеген үлгүсү катары өсүмдүктөр груп-паларынан жана айбанаттардын тобунан үч жүз миң түрлөрүн хашир жана нешир кылган (тирилткен жана көбөйткөн) чексиз бир Эзели Кудурет, эсепсиз көп жана ысырапсыз бир Эбеди Хикмет жана тамактанууга муктаж болгон бардык жандуу нерселерди укмуштай сонун мээримдүүлүк менен абдан сонун түрдө тамактандырган жана ар бир жаз көктөмүндө, аз бир убакыт ичинде сан жана санак жеткис жасалга түрлөрүн жана сулуулукту көрсөткөн бир түбөлүктүү Рахмет жана бир Инайет-и Даиме апачык түрдө акыретти талап кылуу менен, жана ушул каинаттын эң сонун мөмөсү жана Каинаттын Жаратуучусунун абдан жакшы көргөн сан'аттары жана каинаттын бардык нерсеси менен эң көп алака курган адам-заттагы күчтүү, урабас, түбөлүктүү болгон түбөл үктүүлүккө болгон сүйүүсү жана эбедийет арзуусу* жана бүтпөс амалы апачык ишаараты менен жана далилдери менен, бул жалган дүйнөдөн кийин чыныгы дүйнө жана акырет, саадат жеринин бар болгонун ушундай даражада далилдейт: Дүйнөнүн бар экендиги сыяктуу а-пачык түрдө Акыреттин бар экенин ка-был этүүнү талап кылат (Түшүндүрмө)

Үн жок