ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 130
(1-161)

СӨЗДҮК

Аллах -' Кудай, бүткүл нерсенин жаратуучусу.

Адам- эң биринчи жаралган киши жана пайгамбар, Хз. Адам (а.с.). Киши, инсан.

Ад- Хз. Худ Пайгамбарга (а.с.) баш көтөргөн жана Аллахтын каарына калган Йемен жакта жашаган бир уруунун аты.

Аят - Кур'ан-ы Керимдеги ар бир сүйлөм. Кур'анда 6666 аят бар.

Айет-үлкүбра - "Улуу Аят11 маанисинде Рисале-и Нур чыгармалар жыйнагынын бир рисалеси. Бул китепте Кудайдын бар жана бир экени абдан ачык бир түрдө далилденген. Көптөгөн тилдерге которулду. Орусчасы да бар.

Аят-ы Теквинийе - жаратууга тиешел үү аяттар.

Асфийа - таза жана такыба ээлери, Пайгамбарыбыздын (а.с.м.) кесибин жана максаттарын жандандырууга аракет кылган окумуштуу кишилер.

Айн-ел-йакин - көз менен көрүп тургандай ишенүү. Мисалы: узакта бир түтүн көрүүдөбүз. Ал жерде оттун күйүп жатканын илимибиз менен билебиз. Бул билүү даражасы !|илм-ел-йакини деп аталат. Отко жакындап көзүбүз көрсөк, "айн-ел-йакин!! деп аталат. Бир аз дагы жакындап бүткүл сезимдерибиз менен оттун бар экенин сезип, ошол оттун күйгүзүүсү жана башка сыпаттарын билсек буга "хаккал-йакин" деп айтылат.

Үн жок