ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 129
(1-161)

 (Түшүндүрмө)

Ооба, туруктуу бир буйрукту кабар берүүнүн же-ңилдиги жана аны кабыл этпөөнүн, ишенбөөнүн абдан мүшкүл болгону бул тамсилден көрүнөт. Бирөө мындай десе: "Сүт консервалары болгон абдан сонун, кооз бир бакча Дүйнө шарында бар". Башка бирөө десе:"Жок". Биринчи адам бакчанын жерин көрсөтүү менен же болбосо мөмөлөрүн көрсөтүү менен өзүнүн идеясын оңой эле далилдей алат. Ишенбеген адам ал бакчанын жок экенин далилдеш үчүн Дүйнө Шарын кыдырып чыгып көрүү жана көрсөтүү менен өзүнүн идеясын далилдей алышы мүмкүн. Так эле ошондойчо, Бе-йишти кабар бергендер жүз миңдеген издерин, мөмолөрүн, белгилерин көрсөтүүлөрүнөн кескин на-зар, эки садык күбөнүн шахадаттары жетиштүү болуп турганда, Бейишти жокко чыгаргандар чексиз бир каинатты жана чексиз бир эбеди заманды көргөндөн кийин гана өз сөзүн далилдей алышы мүмкүн. Мына эй карыя туугандар, акыретке ьшман келтирүүнүн канчалык күчтүү болгондугун түшүнгүлө.

Кур!ан-ы Хакимдин бизге берген эң маанилүү бир сабагы - Акыретке ыйман экен жана ошол ыйман да мынчалык күчтүү жана ошол ыйманда ушундай бир үмүт жана жооткотуу бар; албетте жүз миң карыялык бир гана адамга келсе да, бул ыймандан келген сооротуу гана түтө алат. Биз карыялар, "Элхамдулиллахи а!лел иман" деп, карыялыгыбызга сүйүнүшүбүз керек.

Саид Нурси

Үн жок