ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 131
(1-161)

Арызи - зати болбогон, кийинчерээк берилген нерселер. Мисалы: !!Илим - адамга кийинчерээк берилет, буга арызи деп айтылат.

Аменна - ушундайча ишендик, ушундайча кабыл эттик маанисинде айтылган сөз.

Алиим-и Мутлак - билүүчү, илими эзели жана эбеди болгон Аллах. Алмашпаган илимге ээ. "Алиим" Кур!ан-ы Керимде бул ысым 126 жолу айтылат.

Алиим-и Хакиим - бүт нерсени хикмет менен жасаган, бүт нерсени билүүчү Аллах.

Ахсен-и Таквим - Аллахтын адамзатты эң сонун түрдө, эң сонун сыпатта жаратуу даражасы.

Акырет- бул дүйнөдөн кийин адамдардын бара турган түбөлүктүү ааламы. Бул китепте 2*2=4 даражасында далилденген.

Айбат - урматтоо менен бирге коркуу сезимин берген ахыбал.

Антика - грекче сөз, кымбат баалуу искусство, эски замандан калган буюм. Мисалы: Өсүмдүк менен айбанат. Булар Кудайдын антика буюмдары.

Аалим - билген, окумуштуу, көп нерсе билген илим менен алек болгон киши.

Аадил- адилеттүүлүк.

Амин - "айтканың келсин, кабыл кыл" маанисинде дубадан кийин айтылат. Кыргызчада "оомийин" деп айтылат.

Ала-йи-иллийин - Бейиштин эң жогорку катмары.

Үн жок