ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 117
(1-161)

ҮЧҮНЧҮ МАСЕЛЕ: Жасаттардын бат эле курулуусуна мисал болсо; жаз көктөмүндө бир нече күн ичинде адамзаттын жалпысынан миң эсе көп болгон жалпы бакдарактардын бардык жалбырактары, мурдагы жаздын өзүндөй бат эле укмуштай сонун курулулары жана кайра эле жалпы дарактардын жалпы гүлдөрү жана мөмөлөрү жана жалбырактары өткөн жаз айынын түшүмдөрү сыяктуу чагылгандай ылдам жаралуулары... Ошондой эле ошол жаздын башталгычы болгон чексиз көп үрөөндөрдүн, данектердин жана тамырлардын тез эле бирге ойгонуулары, жайылуулары жана тирилүүлөрү;

Ошондой эле сөөктөрдөн түзүлүп бутунда турган өлүүлөр сыяктуу бардык дарактардын жаназалары бир буйрук менен күтүлбөстөн, көз ачып жумгуча "ба'су ба'дел мевтке" ыяайык болуулары жана жайылуулары;

Ошондой эле кичинекей жаныбарлар урууларыньш чексиз көп тукумдарынын укмуштай сонун тирилүүлөрү;

Ошондой эле, айрыкча чымындар груп-пасынын хаширлери, айрыкча дайыма бетин, көзүн, канатын тазалоо менен бизге даарат алууну жана тазалыкты эскерткен жана жүзүбүздү сыйпалаган көзүбүздүн алдындагы уруунун бир жылда жайылган тукумдары адам баласынын Адам заманынан бери келген жалпы тукумунан көбүрөөк болсо дагы, ар жаз айында башка уруулар менен бирге бир нече күн ичинде курулуулары жана тирилүүлөрү, хаширлери; албетте Кыямат Күнү адамзаттын жасатынын курулуусуна бир гана мисал эмес, балким миңдеген мисалы.

Үн жок