ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 91
(1-161)

Эгерде бул Хашир акыйкатынын натыйжалары адамзаттан чыкса; ошол абдан маанилүү, бийик жана хайаттар* болгон адамгерчиликтиң ич жүзү кир, микроп уясы сыяктуу сасык тарпка айланып кала тургандыгын далилдейт. Адамзатты башкаруу, адеп-ахлактары жана коомдук жашоосу менен абдан алек болгон социологдор, саясатчылар, эстетика, этика дегендердин кулактарына күмүш сырга!!! Бул бош жерди эмне менен толтура алышат?Жана бул тереңжараларды эмне менен айыктыра алышат?

ЭКИНЧИ ЧЕКИТ: Хаширдин бар экендигине эсепсиз көп далилдеринен имандан башка шарттарынан келген ша-хадаттарынын корутундусунан чыкан бир 'далилди абдан кыскача баяндайт. Мындайча:

Хазрет-и Мухаммед Алейхисселату Весселамдын пайгамбарлыгына далилдик кылган бардык мужизелери жана пайгам-барлыгынын бардык далилдери жана акыйкатынын бардык далилдери биригишип хаширдин бар экендигине күбө болуп далилдешет. Анткени, бул адамдын өмүр бою жасаган иштери, максаттары, Вахданийеттен кийин хаширде биригип жыйналат. Ошоңдой эле жалпы пайгам-барларды кубаттаган жана кубаттаткан бүткүл мужизелери жана хүжжеттери ошол эле акыйкатка күбө болот.Ошондой эле,

وَ بِرُسُلِهِ сөзүнөн келген шахадаты апачык даражага чыгарган

وَ كُتُبِهِ шахадаты да ошол эле акыйкатка күбө болот.Мындайча:

Башта Кур'ан-ы Мужиз-ул Баяндын* хак экендигин далилдеген бардык мужизелери, хүжжеттери жана акыйкаттары биригишип хаширдин бар экендигине жана боло тургандыгына шахадат этишип далилдешет. Анткени, Кур'андын үчтө бири - Хашир. Жана көптөгөн сүрөөлөрдүн баштарында хашир жөнүндө абдан күчтүү аяттар бар.
Үн жок