КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 12
(1-91)

Ибадаттын көрүнгүн бир оордугу бар, би-рок маңыздында ушундай бир рахат жана жеңилдик бар, аны да айтып жеткизүү мүмкүн эмес. Себеби пенде намазында мындай дейт: 

اَشْهَدُ اَنْ لاَ لِلَهَ اِلاَّ اللهُ


Башкача айтканда: "Андан башка Халык жана Раззак жок! Зыян жана пайда анын колунда. Ал ары Хаким, керексиз иш кыл-байт, ары Рахим, жакшылыгы жана мээримдүүлүгү көп" - деп чын дили менен ишенгендигинден улам бардык нерседе рахмет казынасынын эшигин табат. Дубасы менен аны каккылайт. Ары бардык нер-сени өз Раббисинин буйругуна моюн сунуучу деп билет. Раббисине сыгынат. Тевеккүлгө таянып, ар түрдүү кайгыкасиреттен сактанат. Ыйманы ага толук коопсуздук сезимин берет. Ооба, ар бир чыныгы жакшылыктар сыяктуу кайраттуулуктун дагы башаты ыйман жана Аллаха пенделик этүү болуп саналат. Бардык күнөөлөр сыяктуу коркоктуктун да чыккан негизги башаты далалет ( туура жолдон четтөө) болуп саналат.

Эгер жер шаары бомба болуп жарылса да, бу журөгү нур менен толгон пендени коркутпасы толук ыктымал, балким Куду-рети Самеданиенин бул укмушун лаззатуу таң калуу менен тамаша кылаар. Бирок атактуу, акылы нурдуу деп таанылган, дили ыймансыз күнөөкөр бир философ болсо, көктө куйруктуу жылдызды көрсө, үрөйү учуп" бул тентек жылдыз жерибизге түшпөс бекен ыя" деп күмөндөнүп коркот. ( Бир замандары Америка буга окшош бир жылдыздан титиреп, көптөгөн эл үйлөрүн тыштап кетишкен болчу.)

Үн жок