ҮЧҮНЧҮ СӨЗ
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
يَاۤ اَيُّهَا النَّاسُ اعْـبُدُو
Ибадаттын кандай чоң бир соода жана бакыт, күнөө менен азгындыгын кандай чоң бир зыян жана кыйроо экенин түшүнгүң келсе, бул мисал болгон чакан аңгемеге көз сал, тыңша..
Өткөн замандардын биринде эки аскер алыскы бир шаарга барууга буйрук алышат. Жолдору экиге айрылганга чейин бирге жүрүшөт. ал жерде бир адамга жолугушат. Аларга мындай дейт: "Бул оң жактагы жолдун эч бир зыяны болбоо менен бирге, бул жолдогу жолоочулардын ондон тогузу чоң пайда жана рахат табат. Сол жактагы жол пайдасыз болуу менен бирге, бул жолдогу он жолоочудан тогузу зыян тартат. Эки жол тең ары кыска, ары узундугу бирдей. Тек гана бир айырмачылык бар: тартиби болбогон короочусуз бул жолдун жолоочусу куржунсуз, курал-жараксыз жүрөт. Сырттан ошондой көрүнгөн бир жеңилдик, жалган рахаттык көрөт. Аскерий тартипте болгон оң жолдун жолоочусу болсо, керектүү заттар толтурулган төрт оккалык бир куржун менен ар душманды жеңе турган эки киелик, аскер башчысынын сонун курал-жарагын алып жүрүүгө мажбур болот. Жолду түшүндүрүп берген адамдын сөздөрүн уккан эки аскердин бактыяры оң жолго түшөт.