КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 11
(1-91)

Бир батман оордукту желкесине жана белине жүктөйт, бирок көңүлү миңдеген батман мүшкүлдөн жана кңркуулардан кутулат. Аркы бактысыз аскер болсо аскерликти тыштайт, тартипке баш ийгиси келбейт жана сол жолго түшөт. Денеси бир батман оордуктан ку-тулат, бирок жүрөгү миңдеген батман мүшкүл алдында жана руху чексиз коркуулар ичинде эзилет. Ары ар кимден кайыр сурап, ары ар нерсе, ар окуядан коркконунан титиреп жолун улантат, жете турган жерине чейин. Ал жерде болсо баш көтөргөн жана качкын жазасына тартылат.

Аскердик тартипти сүйгөн, куржуну менен курал-жарагын сактаган жана оң жолго түшкөн аскер болсо эч кимден мүшкүл жебей, эч кимден коркпой, жүрөгү жана ынсабы рахат болуп жүрөт, бара турган шаарга чейин. Ал жерде болсо милдетин дурус аткарган намыстуу аскерге ылайык сыйлыктарга татыктуу болот.

Мына, эй, өжөр напис! Билип ал ал эки жолоочу. бири Аллахын мыйзамдарына моюн сунган, экинчиси баш көтөргөн жана написинин каалоосуна батынган кишилер. Тигил жол болсо өмүр жолу: рух ааламынан башталып, кабирден өтөт да, акыретке узанат. Тигил куржун менен курал-жарак болсо ибадат жана таква болот.
Үн жок