КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 38
(1-91)

Илгери өткөн заманда эки бир тууган узак бир саякатка бирге чыгышат. Жүрүп олтуруп жолдору экиге айрылат. Ал эки жолдун башында оор басырыктуу бир адамды көрүшөт жана андан: "Кайсы жол жакшы?" - деп сурашат. Ал да буларга: "Оң жактагы жолдо мыйзам менен тартпкхе моюн сунуу мажбурлугу бар. Бирок ал оо-рчулук ичинде коопсуздук менен бакыт бар. Сол жактагы жолдо болсо эркиндик менен боштондук бар. Бирок ал эркиндик ичинде коопсуздук жана азап-тозок бар. Эми тандоо ыктыяры силерде," - деп жооп берет.

Буну уккандан кийин жакшы мүнөздүү бир тууган

تَوَكَّلْتُ عَلَى اللهِ деп оң жолго түшөт, мыйзам менен тартипке баш ийүүнү кабыл 

этет. Терс мүнөздүү жана селсаяк болгону тек кана эркиндик болсун деп, сол жактагы жолду тандап алат.

Көрүнүштө жеңил, бирок руханий жагынан оор жагдайда кеткен бул адамдын кыялыбызда артына түшөбүз. Мына ал ойкырдан ашып, барып олтуруп бир чөлгө туш келет. Капыстан үрейдү учурткан бир үн угат. Караса коркунучтуу бир арстан эмен талдарынын арасындан чыгып, ага каршы атырылып келе жатат. Ал болсо качат. Качып олтуруп алтымыш аршын тереңдиктеги суусуз бир кудукка туш келет. Корккондугунан өзүн анын ичине таш-тап жиберет.
Үн жок