КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 39
(1-91)

Жарым жолго чейин түшүп келип, колдору бир тал бутагына тийет жана ага жармашып калат. Кудуктун дубалында көгөрүп калган ал талдын эки тамыры бар эле. Бири ак, бири кара болгон эки чычкан, эки тамырга жабышып алып, аны кемирүүдө. Жогоруга караса алиги арстан күзөтчү сыяктуу кудуктун башында турат. Ылдыйга караса коркунучтуу ажыдаар кудуктун ичинде башын көтөрсө отуз аршын жогорудагы адамдын бутуна чейин жетет. Оозу кудуктун оозундай кең. Кудуктун дубалын караса, кемирүүчү зыянкеч макулуктар айланасын курчап алышыптыр. Талдын башына караса, анын инжир талы экенин көрөт. Бирок ажайып эле, башында түркүн түрдүү дарактын жемиштери - жаңгактан анарга чейин бар болчу.

Мына ошол адам ката түшүнүгүндөн, акылсыздыгындан улам мунун жай гана бир иш эмес экенин, бул иштер кокустук боло албай турганын, бул ажайып иштердин ичинде таң калаарлык сырлар жана өтө чоң иштөөчүнүн бар экенин түшүнө албады. Азыр болсо анын жүрөгү, руху жана акылы бул аянычтуу абалдан улам жашыруун өкүнүп, ыйлап жаткан жагдайда жаман написи эч нерсе болбогондой наадандык кылып, руху менен жүрөгүнүн ыйына кулагын жаап, өзүн өзү алдап, бир бакчада жүргөндөй ал бакчанын жемиштерин жей баштады. Чынчынында ал жемиштердин бир бөлүгү уулуу жана зыяндуу эле.
Үн жок