КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 41
(1-91)

Андан кийин жүрүп олтуруп, бир тууганы сыяктуу бир чоң чөлгө туш келди. Капыстан чабуулдаган бир арстандын үнүн укту. Коркту, бирок бир тууганы корккончолук эмес. Себеби жакшы ою мен-ен!" Ушун чөлдүн бир Акими бар, жана бул арстан да анын буйругундагы бир кызматкер болушу ыктымалы бар," - деп түшүнүп, өзүн жубатты. Бирок бул да качты, качып олтуруп алтымыш аршын тереңдигиндеги бир кудукка туш келди, өзүн анын ичине таштады. Бир тууганы сыяктуу ортосунда бир даракка жармашып, эки буту салбырап калды. Караса эки айбан, ал дарактын эки тамырын кемирип жатат. Жогоруга караса, арстан,- ылдыйга караса ажыдаар көрөт. Бир тууганы сыяктуу бир ажайып абалды көрдү,. Коркту. Бирок бир тууганынын коркуусундан миң эсе жеңил... Анткени жакшы мүнөзү ага жакшы пикир берген эле. Жакшы пикир болсо, ага бардык нерсенин жакшы тарабын көрсөтчү. Мына, ошол себептен мындай деп ойлоду: "Бул ажайып иштер бир-бири менен байланыштуу, ары бир буйрук менен аракеттенип жаткан сыяктанат. Андай болсо, бул иштерде бир тылсым бар. Ооба, булар жашыруун бир акимин буйругу менен аракеттенишет. Демек, мен жалгыз эмесмин, ал жашыруун Аким мага кароодо, мени сыноодо, бир максат үчүн мени бул жерге келтирип чакырып жатат. Ушул таттуу коркуу менен жакшы пикирден бир кызыгуу пайда болот: "Ажеп, мени сынап, өзүн мага тааныткысы келип жаткан жана бул ажайып жол менен бир максат үчүн келтирген ким?"

Үн жок