КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 40
(1-91)

Бир куттуу хадисте Жанабы Хак мындай деп буйруйт: 

اَناَ عِنْدَ ظَنِّ عَبْدِى بِى

Башкача айтканда, "Кулум мени кандай тааныса, ага ошондой мамиле жасайм." Мына ошол бактысыз адам жаман ою мен-ен акылсыздыгындан көргөндөрүн карапайым жана акыйкаттын өзү деп кабыл этти жана ошондой мамиле көрдү, көрүүдө жана көрө берет... Же өлүп кутула албайт, же өмүр сүрө албайт, ушунтип азап чегүүдө. Биз дагы ал бактысызды бул азап ичинде калтырып, кайра кайтабыз жана экинчи бир туугандын жагдайын түшүнөбүз.

Мына, бул мүбарак, акылдуу адам бара-тат, бирок бир тууганы сыяктуу азапкордук чекпейт. Анткени жакшы мүнөздүү болгондугунан жакшы нерселерди ойлойт, сонун нерселерди кыялданат жана өзүн өзү жубатат. Ары бир тууганы сыяктуу кыйындык менен машакат көрбөйт, себеби тартипти билет, ага моюн сунат. Бейпилдик жана коопсуздук ичинде эркин кетип баратат. Мына, бир бакчага тушкелди. Ичинде сонун гүлдөр жана мөмө -жемиштер бар эле. Каралбагандыгы үчүн начар нерселер да жок эмес болчу. Бир тууганы да ушундай бир бакчага кирген, бирок начар нерселерге көз салып, көңүлүн айнытып, эч рахаттан бастан чыгып кеткен эле. Бул адам болсо "Ар нерсенин жакшысына кара" принциби мен-ен амал кылып, начар нерселерге эч көңүл бурбады. Жакшы нерселерди жакшы пайдаланды. Сонун дем алып, чыгып кетти.

Үн жок