Андан соң таануу кызыгуусунан ал адамда тылсым ээсине деген махабат жана бул махабаттан тылсымды ачуу тилеги пайда болду. Ал тилектен тылсым ээсин ыраазы кыла турган, ага жага турган жакшы бир абалга келүү пикири туулду.
Андан кийин дарактын башына карап, анын инжир дарагы экенин көрдү. Бирок башында миңдеген бакдарактын мөмө-жемиши бар. Ошол учурда бардык коркуу-су кетти. Себеби чечкиндүү түрдө мындай деп түшүндү: "Бул инжир дарагы бир тиз-ме, бир корутунду, бир көргөзмө. Ал жашыруун Аким багы жана бакчасындагы мөмө-жемиштердин үлгүлдөрүнүн бир тыл-сым жана сыйкыр менен тигил даракка тагып, өз конокторуна даярдап койгон татымдарга бир-бирден белги кейпинде ал даракты безендирген болсо керек. Болбосо бир гана дарак, миңдеген бакдарактын мөмө-жемиштерин бере албайт".
Андан кийин жалбарына баштады жана тылсымдын ачкычы анын жүрөгүнө илхам болду. Бакырды:
"Эй, бул жерлердин Акими! Сенин жазмышыңа түштүм. Сага сыйынамын, сенин кызматкериңмин. Сенин ыраазы болууңду каалаймын жана сени издөөдөмүн." Бул ныяздан кийин күтпөгөн жерден кудуктун дубалы жарылып сонун, таза, кооз бир бакчага эшик ачылды. Балким ажыдардын оозу ал эшикке айланды. Арстан менен ажыдаар эки кызматкер кейпине келди жана аны ичкериге чакы-рышты, Атүгүл ал арстан өзүнө моюн ийген бир ат бейнесине кирди.