КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 82
(1-91)

Андан кийин, Жанабы Хактын буйрукта-рына баш ийүүнү жана тыюу салгандарынан сактанууну негиздөө жана табуу үчүн Аллахтын улуу экендигин акылдарда, зээндерде туруктуу орнотууга муктаждык бар. Мындай орнотуу да жалгыз гана акаид аркылуу, башкача айтканда ыйман өкүмдөрүнүн чагылуусу менен болот. Ыйманий өкүмдөрдүн күчөтүлүүсү менен пайда болуусу жалгыз гана кайталануу аркылуу жаңыланып турган ибадат менен болот.

• Экинчиси: Ибадат ой-пикирлердин Сани Акимге бурулуусу үчүн. Кулдун Сани Акимге жүз буруусу, кулчулугу менен баш ийүүсүн натыйжалайт. Кулчулук менен баш ийүү болсо кулду кемтиксиз тарбиянын астына алат. Кулдун тарбия астына кирүүсү менен тартипке багынуусу аркылуу хикметтин сыры тахаккук этет. Хик-мет болсо, аалам барактарында өнөр кооздуктары менен белгилүү болот.

• Үчүнчүсү: Адам байланыш түйүнү сыяктуу бүткүл жаратылыштын тартипте-ри менен мыйзамдарына жана ааламдагы Илахи мыйзамдырдын шоолаларына бир борбор. Ошондуктан адамдын ал мыйзамдар менен карымкатнашы, байланышуусу жана ал мыйзамдардын этектерине жабышып, катуу кармоо керек, анткени ал жалпы орток аракет мыйзамын ортого коёт. Ары ааламдын кабаттарында айланып жүргөн суу тегирмендеринин кыймылына каршы келип, тиштүү дөңгөлөк-төрүнүн астында жанчылбасын. Бул да жалгыз гана ал буйруктар менен тыюу салынган нерселерден куралган ибадат мен-ен болот.

Үн жок