КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 80
(1-91)

КИРИШ СӨЗ

(Ишаратул-Ижаз китабынан).

Акаидий жана ыйманий өкүмдөрдү ку-баттуу жана туруктуу кылып, мелеке абалына келтирген жалгыз гана ибадат. Ооба, Аллахтын буйруктарын орундатуудан жана тыюу салгандарынан сактануудан куралган ибадат аркылуу уят-ынсаптык жана акылга байланыштуу ыйманий өкүмдөр тарбияланбаса жана күчөтүлбөсө натыйжалары жана чыгармалары алсы-райт. Бул абалга Ислам ааламынын азыркы жагдайы күбө. Аны менен бирге ибадат дүнүйө жана акырет бакыт - таалайына жетүүгө себеп болгону сыяктуу маяна жана маада, башкача айтканда дүнүйө менен акырет иштерин да тартипке кел-тирүүгө себеп, ары бир адамдын жана бүткүл адамзаттын жогорку даражага жетүүлөрүнө да себеп, ары Жаратуучу менен кул арасындагы өтө жогорку ка-рымкатнаш, абыройлуу байланыштуулук болот.

-Ибадаттын дүнүйө бакыт-таалайына жетүүгө себеп болгонун ачыктап берген багыттар.

Биринчиси: Адам бардык жаныбарлардан тандалып жана өзгөчөлөнүп, ажайып жана жагымдуу мүнөз менен жаратылган. Ал мүнөздөн улам адамда түрдүү армандар, каалоо-тилектер пайда болгон. Маселен: Адам эң тандалган нерселерди тилейт, эң сонун нерселерди арман кылат. Адамзатка ыла-йыктуу тиричилик жана абырой менен өмүр сүргүсү келет.

Үн жок