КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 83
(1-91)

• Төртүнчүсү: Буйруктарды орундатуу жана тыюу салынгандардан сактануу аркылуу бир адам коомдук жамаат өмүрүндө көп мертебелер менен байланышта болот, карымкатнаш жасайт. Асыресе диний өкүмдөр менен орток пикирдешүү иштериндеги бир адам бир түр өкүмүн алат. Башкача айтканда, өтө көп укуктар, абыройлор, таалим-тарбиялар, түзөтүү жумуштары сыяктуу милдеттер бир адамга жүктөлөт. Эгер ал буйруктарды орундатып, тыюу салынгандардан сак-танган ал адам болбосо, бул милдеттер түгөлдөй жоюлат.

• Бешинчиси: адам Ислам дининин аркасында ибадат менен алга өрдөө аркылуу бүткүл мусулмандар менен туруктуу бир карымкатнаш орнотот, күчтүү бир байланыш менен жакындашууга жетишет. Булар болсо, айрылбас боордоштукка, чыныгы махабатка себеп болот. Негизги коомдук жамаат өмүрүнүн камалына жана өркүндөөсүнө алгачкы жана эң биринчи баскычтар - боордоштук менен махабат.

Ибадат аркылуу инсаний камилдикке жетүүнун себебинин ачыктамасы

Адам денеси жагынан кичине, алсыз жана дармансыз болуу менен бирге жаныбарлардын ичинен тандалып алынган учурда өтө улуу бир рухту өзү менен бирге алып жүрөт, өтө күчтүү кабилеттүүлүк сезимине ээ, чектелбес даражада каалоо-тилектери бар, чексиз көп армандардын ээси, эсепсиз ой-пикири бар, чеги жок шахват менен газап сыяктуу кубаттары бар жана ошондой ажайып табияты бар. Бардык түрлөр менен ааламдарга мазмун болуп жаратылган.

Үн жок