КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 81
(1-91)

Ушул тилектеринин орундалуусунда ке-рек болгон, жей турган, иче турган жана башка керектүү нерселерди каалаганы сыяктуу аларга колу жетүү үчүн көрктүү кейипте көптөгөн өнөрлөргө да мук-таждыгы бар. Ал өнөрлөрдү билбегендигинден өзүнө окшогон башкалар менен биригип аракет этүүгө мажбур болот. Ар кими өз эмгегинин жемиши менен жолдошуна берүү, аныкын алуу жолу мен-ен жардам берсин, ары бир-биринин мук-таждыктарын бул жол менен камсыздандырышсын.

Бирок адамдагы шахват кубатына, газап кубатына жана акыл кубатына Сани та-рабынан чек коюлбагандыктан, ары адамдын аз гана өз ыктыяры менен жогорку даражага жетүүсү үчүн, бул кубаттардын башы бош коюлгандыгындан, адамдар ара-сындагы карымкатнашта зулумдуктар менен мыйзамсыздыктар ортого чыгат. Бул мыйзамсыздыктардын алдын алуу үчүн адамзат коому өз эмгектеринин жемишин алмаштырганда, бири-бири менен карымкатнаш жасаганда адилеттүүлүккө мук-таж. Бирок, ар бир адамдын акылы адилеттүүлүктү түшүнө албагандыктан улуу акылга муктаждыктары бар. Адамдар ал улуу акылдан пайдаланууну билишсин. Андай улуу акыл да жалгыз гана мыйзам түрүндө болот. Андай мыйзам да жалгыз гана Шарият.

Андан кийин, ал шарияттын таасири, жүргүзүлүшү, орундалуусу үчүн мержи, кожоюн керек. Ал мержи жана ал кожоюн да жалгыз гана Пайгамбар. Пайгамбар болгон адамдын да калкка жүргүзгөн тышкы жана ички акимчилигин улантуу үчүн материялдык жана рухий улуулукка жана ымтыязга муктаж болгондугу сыяктуу, Жаратуучу менен арасында болгон карымкатнаш даражасы менен байланыштуулугун көрсөтүү үчүн да бир далилге мук-таждыгы бар. Андай далил да жалгыз гана кереметтир

Үн жок