КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 78
(1-91)

Ары өзүңдү башым бош деп ойлобо! Антени, хикмет назары менен карасаң, бул дүнүйө мейманканасында эч бир нер-сени тартипсиз, максатсыз көрө албай-сың. Кандайча сен тартипсиз, максатсыз боло аласың. Зилзала сыяктуу бул табият окуялары кокустук оюнчугу эмес.

Маселен: жер бетине өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрүнөн кийгизилген бири-биринин үстүндө, бири-биринин ичинде өтө тартиптүү жана аябай сонун көйнөктөр башынан аягына чейин максат-тар менен, хикметтер менен безенди-рилгендерин, куралдандырылгандарын көргөн жана улуу максаттар ичинде ка-мил тартип менен мажзуп Мевлеви сыяктуу айландырууну билген учурда, Адам урпактарынын, асыресе ыймандуулардын бир бөлүк гафлеттик абалдарынын рухий оордуктарын Жер шары жактырбай желкесин силкүүсүнө окшош зилзала* сыяктуу максатсыз, кокустук деп ойлоп, зилзалада кайгыкасиретке дуушар болгон бүткүл нерселердин аянычтуу чыгымга учурагандарын - бекерге, ары пайдасыз сарп болду деп көрсөтүп, коркунучтуу үмүтсүздүккө салат. Чоң бир ката, чоң бир зулум кылган болот. Балким ошондой окуялар бир Акими Рахимдин буйругу мен-ен мусулмандардын пани мал-мүлкүн, садака өкүмүнө айландырып, соңсуздук кылуу, ар шүкүрсүздүктөн келген күнөөлөргө кефарат болот. Келечекте бир күн келет: Бул кызматкерибиз болгон Жер өз бетинин көрктүүсү болгон адамзат эмгектерин ширкке буланган, шүкүрсүз деп көрөт, көрксүз деп табат жана Жаратуучунун буйругу менен, чоң зилзала менен бүткүл жүзүн сүртөт, тазалайт. Аллахтын буйругу менен ширк эхлин То-зокко төгөт, шүгүрчүлүк эткендергв: "Бейишке кириңиз," - дейт.

Үн жок