КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 75
(1-91)

Абайла, "Менин намазым кайда, бул маанидеги намаз акыйкаты кайда?"- дебе. Анткени бир курма уругу бир курма дарагы сыяктуу өз дарагын сыпаттанды-рат. Айырма жалгыз гана ижмал жана араларындагы мезгилде болгондугу сыяктуу, сага жана мага окшош бир карапайым адамдын, эгер сезбесе да, чоң бир олуянын намазы сыяктуу намазынын бул нурдан бир үлүшү бар, ушул акыйкаттан бир сыры бар. 

Бирок даражаларына карай өркүндөөсү жана нурдануусу ар түрдүү болот. Мисалы, бир курма данегинен сонун бир курма дарагына чейин кандай мертебелер болсо, дал ошол сыяктуу на-маздын даражаларында да, мындан да көп мертелердин болушу мүмкүн. Бирок бардык мертебелерде ал нурдуу акыйкаттын данеги табылар... 

اَللّٰهُمَّ صَلِّ وَسَلِّمْ عَلٰى مَنْ قَالَ (اَلصَّلٰوةُ عِمَادُ الدِّينِ) وَعَلٰۤى اٰلِهِ وَصَحْبِهِۤ اَجْمَعِينَ

Үн жок