КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 73
(1-91)

Экинчиси: Ары, бул бактан чыккан мөмө-жемиштерден ким жесе: жаныбар болсун, адам болсун, уй болсун, чымын болсун, сатып алуучу болсун, ууру болсун сага бир садага өкүмүнө өтөт, жалгыз гана мына бул шарт менен: эгер сен Хакики Раззакын аты менен, ары Анын руксаты менен пайдалансаң жана Анын мал-мүлкүн Анын макулуктарына берген бөлүштүрүүчү кызматкер назары менен өзүңө карасаң.

Мына, көз сал: Намазды тыштаган адам канчалык чоң зыян келтирет. Канчалык маанилүү байлыгын жоготот жана жумуш кылууга өтө чоң каалоо берген, амалда чоң рухий күчкубат таап берген ал эки натыйжадан жана ал эки кенден насипсиз калат, ары ыпылас болот. Ары картайган сайын дыйканчылыктан жадайт, үмүтсүздөнөт. "Эмнеге керек?" - дейт. "Мен бары бир бул дүнүйөдөн өтүп бара-там, мынчалык азапты эмне үчүн чегемин?" - дейт, өзүн жалкоолукка салат.

Бирок оболку адам: "Мындан да көбүрөөк ибадат менен бирге адал тири-чилик менен алака болоюн. Ушинтип каби-риме дагы көбүрөөк нур жиберемин. Акыретиме мындан да көп азык даярдай-мын", - дейт.

Корутунду: Эй, напис! Билип ал! Кечеги күн сенин колуңдан чыкты. Эртеңки күн болсо сенин колуңда баалуу кагазың бол-богону үчүн сен ага ээ эмессиң. Андай болсо чыныгы өмүрүңү жашап жаткан күнүң деп бил. Жок дегенде күнүңүн бир саатын келечекте керектүү акча сыяктуу чыныгы келечек заманың үчун курулган акырет сандыкчасы болгон мечитке же болбосо жайнамазга тышта. Ары билип ал: Ар бир жаңы күн сен үчүн, ары бардыгы үчүн бир жаңы ааламдын эшиги. Эгер на-маз кылбасаң сенин ал күнкү ааламың караңгы жана бушайман абалда өтөт. Мисал ааламында сага каршы күбөлүк кылат. Анткени, ар кимдин ар бир күндө бул ааламда өзүнө тийиштүү ааламы бар.
Үн жок