КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 74
(1-91)

Ары ал ааламдын жагдайы ал адамдын жүрөгүнө жана иш-аркетинен көз каранды. Маселен: күзгүңдө көрүнгөн өтө укмуш бир сарай, күзгүнүн түсүнө карайт, эгер ал кара болсо кара көрүнөт, кызыл болсо кызыл көрүнөт. Ары анын сапатына ка-райт. Эгер ал күзгүнүн айнеги тегиз болсо сарайды жакшы, тегиз болбосо начар көрсөтөт. Мындай күзгү эң назик нерселерди начар көрсөткөндөй эле, сен да жүрөгүң, акылың, иш-аракетиң жана көңүлүң менен өз ааламыңдын кейпин өзгөртөсүң, же өзүңө каршы, же болбосо өзүңө тарап күбө кыла аласың.

Эгер намаз кылсаң ал намазың менен бирге, ал ааламдын Сани Зүлжалалына жүзүңү бурсаң сага караган ааламың да-роо нурданат. Намазың кудум электр Д1амы, намазга кылган ниетиң анын кошку-чуна басканы сыяктуу, ал ааламдын караңгылыгын жок кылат. Ары бул оомал-төкмөл дүнүйөдөгү аралашкуралаш, бу-шаймандык ичиндеги өзгөрүштөр менен аракеттер хикметтүү тартип жана маанилүү кудурет жазуусу экенин көрсөтөт.

اَللهُ نُورُ السَّمٰوَاتِ وَاْلاَرْضِ

болгон өтө нурдуу аятынан бир нурду сенин жүрөгүңө чачат. Сенин ал күнкү ааламыңды ал нурдун шооласы менен жаркыратат. Сенин пайдаң үчүн нурдуулугу менен күбөлүк кылат.

Үн жок