КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 76
(1-91)

ХАТИМА 



بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ


وَمَا الْحَيٰوةُ الدُّنْيَاۤ اِلاَّ مَتَاعُ الْغُرُورِ



(Алданган башка бир токмок жана бир сабак болчу дарс)

Эй, гафлетке батып, бул жашоону таттуу көрүп жана акыретти унутуп, дүнүйөнү талап кылган бактысыз написим! Эмнеге окшогонуңду билесиңби? Төө кушка. Аңчыны көрүп, уча албастан, башын кумга согот, аңчы аны көрбөсүн деген түшүнүк менен. Дээрлик бүтүн тулкусу сыртта. Аңчы аны көрөт, ал болсо башын кумга согуп, эч кимди көрбөйт. Эй, напис, бул мисалга кара, көргүнүң:

Кандайча жалгыз гана дүнүйөгө көңүл бөлүү азиз бир лаззатты аянычтуу бир касиретке айлантат? Маселен: бул айылда (Барлада) эки адам бар. Бирөөнүн жүздө токсон тогуз досу Ыстамбулга кетип, ал жерде жакшы өмүр сүрүшүүдө. Жалгыз бирөөсү мында, ал дагы ошол жакка бар-макчы. Ошондуктан бул адам Ыстамбулду эңсейт, ал жерди ойлойт жана досторуна жетүүнү эңсейт.
Үн жок