КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 77
(1-91)

Качан ага "Сен да ошол жерге бар" деп айтылса, дароо кубанакубана барат эле. Экинчи адамдын болсо досторунун жүздөн токсон тогузу бул жерден кеткен. Бир тобу житип кеткен, бир тобу да көрүнгонкөрүнбөгөн жерлерге кеткен. Бушайман болуп кетишк-ен деп ойлойт. Бул бечара адам болсо бардыгына тең болгон бир конок менен дос болуп, жубануу таап, аны менен бул аянычтуу айрылыктан келген кайгыкасиреттердин жүзүн жапкысы келет.

Эй, напис! Эң бешта Хабибуллах жана бардык досторуң кабирдин аркы жагында. Бул жерде калган бир-экөөсү да кетишет. Өлүмдөн чочуп, кабирден коркуп, башыңды бурба!

Эр жигитке окшоп кабирге кара, эмне талап этип жатат. Эр адам сыяктуу өлүмдүн жүзүнө күл, эмне каалаганын көр. Абайла, алданып экинчи адамга окшобо!

Эй, написим! "Заман өзгөргөн, кылым да башкалашты, бардыгы дүнүйөгө берилген, жашоону жакшы көрөт, көр оокаты менен мас" - дебегин. Анткени, өлүм өзгөрбөйт, айрылык сонсуздукка айланбайт. Адамдын алсыздыгы, адамдын жардылыгы өзгөрбөөдө, балким көбөйүүдө. Адамдын сапары кесилбей, кайта ылдамдык пайда болууда.

Ары: "Мен да бардыгы сыяктуумун дебе! Анткени, бардыгы сага кабирдин эшигине чейин жолдош болот. Бардыгы менен кайгыкасиретте бирге болуу деген жубануу болсо - кабирдин аркы жагында негизсиз.

Үн жок