КИЧИНЕ СӨЗДЕР | КИЧИНЕ СӨЗДЕР | 72
(1-91)

Эң керектүүсүнү тыштап коюп, миңдеген жылдар өмүрүң бардай - эң керексиз нерселер менен убакыт өткөрүп жатасың. Маселен: "Сатурндун айланасындагы шакектерин абалы кандай? Америкада канча тоок бар?" шыяктуу керексиз нерселер менен кымбаттуу убактыңды өткөрүп жатасың. Өзүңчө эле астрономия жана статистика илимдеринен камал алып жаткандайсың?...

Эгер мындай десең.- "Мени намаздан жана ибадаттан калтырган, үмүтсүз эткен андай керексиз нерселер эмес, балким күнүмдүк турмуштун өтө керектүү жумуштары". Анда мен да сага мындай деп жооп берем: "Эгер күндөлүк жүз тыйын үчүн иштесең, андан кийин бирөө келип "Кел, он мүнөтчө бул жерди каз, жүз теңге наркында кымбат баалуу таштарды таба-сың," - десе, сен ага. "Жок, барбайм, се-беби күндөлүгүмдөн он тыйын кемийт. Оокатым азаят,11 - деп айтсаң, канчалык акмакчылык шылтоо боло тургандыгын ал-бетте билесиң. Дал ошол сыяктуу сен бул багыңда күнүмдүк оокатың үчүн жумуш кылып жатасың.

Эгер парз болгон намазды тыштасаң бардык жумушуңдун жемиши жалгыз гана дүнүйөлүк, ары маанисиз, ары берекетсиз акча болот. Эгер сен эс алуу жана рахат-тануу убактыңды рухуңдун рахатына, жүрөгүңдүн дем алуусуна себеп болгон намазга жумшасаң, ошол кезде дүнүйөдөгү берекелүү акчаң менен бирге, акыреттеги акчаң менен азыгыңа маанилүү казына болгон эки рухий кенди табасың:

Биринчиси: Багыңдагы* өстүргөн бардык өсүмдүктөрүң, гүлдүү болсун, мөмө-жемиштүү болсун, ар бир дарактын тас-бихатынан жакшы ниет менен бир үлүш алып жатасың.

"Бул сөздөр бир бакчада, бир адамга дарс иретинде баяндалган.

Үн жок