ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 33
(1-48)

СОҢКУ СӨЗ

Табият деген материалисттик пикирди таштаган жана ыйманга келген адам мындый дейт: Кудайга шүгүр, менин шек-күмөндөрүм түгөндү. Бирок, мени кызыктырган бир нече суроо бар.

Биринчи суроо: Көп эле жалкоолордон жана намаз окубагандардан "Кур'анда абдан катуу жана кайра кайра эскертүү менен ибаадатты кылбаган адамды кыйнап, тозок сыяктуу коркунучтуу бир жаза менен коркутууда: эми Алла Тааланын биздин ибаадатыбызга эмне муктаждыгы бар? Маанисиз бир кичинекей катага абдан катуулук көрсөтүү, акылмандуу, туура, адилеттүү Кур'андын баянына кантип жарашат?" дегенди угуудабыз;

Жооп: Ооба, Алла Таала сенин ибаадатыңа, керек болсо эч бир нерсеге муктаж эмес. Бирок сен, ибаадатка муктажсын, анткени рухий түрдө оорулусуң. Ибаадат болсо рухий жараларга дары сыяктуу болгондугу көптөгөн китептерде далилденген. Эгерде кандайдыр бир оорулуу адамга, ошол оорусу тууралуу, бир мээримдүү доктордун пайдалуу дарыларды ичирүү үчүн катуу аракетине каршы, ал оорулуу адам докторго: "Сенин эмне муктаждыгың бар, мага бул дарыларды ичирүүгө көшөрүп арекеттенесин" -десе. Ошондо сен бул сөз канчалык маанисиз болгонун түшүнөсүң. Бирок, Кур'андын, ибаадатты таштоо жөнүндө катуу эскертүүлөрү жана коркунучтуу жазаларынын себеби болсо, Кандайдыр бир падыша, кол астындагылардын укугун коргоо максатында, карапайым бир адамдын бир катасы үчүн катуу жазага тартат. Так эле ошондойчо, ибаадатты жана намазды таштаган адам, Султан-ы Эзел ва Абаддын1 кол астындагы эли эсебинде болгон жандуулардын укугуна кол салуу менен рухий түрдө зулумдук кылат.
Үн жок