ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 34
(1-48)

Анткени, жандуулардын зикири жана ибаадаттары Саниыге багытталгандыктан жарыкка чыгып толук жетилип өркүндөйт, кемтиксиздикке жетет. Ибаадатты таштаган адам бүткүл макулуктардын ибаадатын көрбөйт жана көрө албайт, ошондуктан кабыл кылбайт. Анда ибаадат жана зикир жагында жогорку мартабада турган, ар бири бирден мектуб-у Самадани2 жана Алланын ысымдарын чагылдырган бүткүл макулуктарды улуу мартабаларынан түшүрөт да, аларды маанисиз, жансыз, милдетсиз, ыраатсыз катарында баалайт. Ушул көз караш менен карагандыгы үчүн бүткүл макулуктарга акаарат кылат, маңыздуулугун танат жана зулумдук кылат.

Ооба, ар ким ааламды өзүнүн көз карашы менен көрөт. Алла Таала адамды аалам үчүн бир салыштыруу, бир өлчөм түрүндө жараткан. Ар бир адам үчүн бул ааламдан жекече бир аалам берген. Ошол ааламдын түсүн ошол адамдын жүрөгүн- дөгү ишеничке жараша көрсөтүүдө. Мисалы, абдан үмүтсүз жана кайгылуу болуп ыйлаган бир адам бүткүл макулуктарды ыйлаган ахыбалда жана үмүтсүз түрдө көрөт. Абдан кубанычтуу жана кубанычынын көптүгүнөн күлгөн бир адам, ааламды кубанычтуу, күлүп тургандай көргөнүндөй эле, терең ойлонуп дыккаттуулук менен жана токтоо бир түрдө ибаадат жана зикир кылган адам, бүткүл макулуктардын шексиз жана чынында эле бар болгон ибаадаттарын жана зикирлерин кандайдыр бир даражада ачат жана көрөт. Кайдыгерлик менен жана жокко чыгаруу менен ибадатты таштаган адам. бүткүл макулуктарды маңыздуулугунун акыйкатына толугу менен терс, каршы жана ката бир түрдө жоромолдойт жана рухий түрдө алардын укугун тепселейт.

Үн жок