ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 37
(1-48)

Жооп: Жыйырманчы Каттын Онунчу Сөзү болгон

 

وَهُوَ عَلٰى كُلِّ شَىْءٍ قَدِيرٌ

 

баянында ошол сыр абдан ачык, даана баян кылынган. Айрыкча ошол китепченин кошумчасында андан да ачыгыраак бир түрдө далилденген. Ал мындайча: Бүткүл заттардын жаратылышы, Сани-и Вахидге ыйгарылган убакыт, бир гана заттын жаратылышы сыяктуу ыңгайлашат. Эгер Вахид-и Ахадга ыйгарылбаса, бир гана макулуктун жаратылуусу бүткүл макулук- тарчалык кыйынга турат жана дагы бир данектин жаратылуусу бир даракчалык мүшкүлдүү болот.

Эгерде Сани-и Хакикиге ыйгарылса, аалам бир дарак сыяктуу, дарак бир данек сыяктуу, ошондой эле бейиш бир жаз мезгилинин келүүсү өңдүү, жаз мезгили бир гүлдүн жаратылуусу сыяктуу оңой жана жеңил болот. Көзүбүз менен көргөн жаратылыштагы чексиз көп молчулуктун, төгүн-чачындыктын жана макулуктардын ар бир тобун оңойлук менен көптөгөн санда пайда болуусу. Анан дагы булар абдан ылдамдык жана жеңилдик менен тартиптүү, чебердүү, кымбат заттар оңой эле пайда болууда.
Үн жок