ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 38
(1-48)

Бул оңойлуктун сырларына тийиштүү жана акылман- дуулуктары көрсөткөн жүздөгөн далилдер бар. Башка чыгармаларда ачык түрдө баян кылынган бир эки далилди кыскача түшүндүрөбүз.

Мисалы, бир аскерди жүз командирдин башкаруусуна берилүүсү кыйын, бирок жүз аскер бир командирдин башкаруусуна берилсе жүз эсе оңой ошондой эле, бир армиянын аскердик курал-жабдыктары бир борбор, бир мыйзам, бир завод жана бир падышанын буйругу менен жасалган учурда, бир армиянын жабдыктануусу бир аскерди жабдыктаган сыңары жеңилдеп калат. Ошондой эле бөлөк борборлор, бөлөк заводдор, бөлөк командирлер бир аскерди жабдыктоосу үчүн бир армиянын жабдыктары канчалык болсо ошончолук санда көптөгөн мүшкүлдүктөр пайда болот. Анткени, бир гана аскердин курал-жабдыгы үчүн бир армияга керек болгон заводдордун бар болуусу тийиш.

Ошондой эле, жалгыз дарактын сыры менен бир тамырда, бир борбордо, бир мыйзам менен жашоосуна керектүү нерселер берилгендигинен, миңдеген мөмө берген ошол дарак бир мөмөдөй оңой болгону көз менен көрүнөт. Эгер жалгыздыктан көптүккө каралса, бөлөк тамырдан, бөлөк борбордон, бөлөк мыйзамдан ар бир мөмөнүн жашоосуна керектүү нерселер башка жерден берилсе, ар бир мөмө бир дарактай мүшкүлдүктөрдү пайда кылат.
Үн жок