ТАБИЯТ БАЯНЫ | ТАБИЯТ БАЯНЫ | 39
(1-48)

Атүгүл дарактын бир программасы жана мазмууну болгон бир гана данек дагы ошол даракчалык мүшкүлдүү болот. Анткени бир дарактын жасоосуна керек болгон бүткүл нерселер бир тек данек үчүн да керек.

Мына бул мисалдар сыяктуу жүздөгөн мисалдар бар; жаратуучу бир деген жолдо, миңдеген макулук абдан оңойлук менен пайда болот; шериги бар жана көптөгөн жаратуучу болсо бир гана заттын пайда болушу миндеген заттан да кыйын болгондугун көрсөтүүдө. Башка чыгармаларда бул акыйкат эки жерде эки төрт деген деңгээлде далилденгени үчүн аларга таштап, бул жерде жалгыз оңойлук менен жеңилдиктин илим жана Алланын тагдыры жана Кудурет-и Раббаний назарында абдан маанилүү бир сырын баян кылабыз, ошентип;

Сен бир макулуксуң. Эгер өзүңдү Кадир-и Эзелиге тапшырсаң, жок нерседен бир тал ширенке чаккандай, бир буйрук менен, чексиз кудурети менен сени бир заматта жаратат. Эгерде сен өзүңдү Алла жаратпады десең, матералдык себептер жана табият жаратты десең, анда сен ааламдын тартиптүү бир жыйынтыгы, мөмөсү, кичинекей мазмууну жана тизме барагы болгондугуңдан сени жасоо үчүн, ааламды жана элементтерди майда элек менен элеп ченемдүү өлчөмдөр менен ааламдын ар тарабынан сенин денеңдеги элементтерди топтоо керек. Анткени материалдык себептер жалгыз гана кошуп, түзөт. Алар өздөрүндө болгонду жок нерседен, жасай алышпаганы бүткүл акыл ээлерине маалым. Андай болсо кичинекей бир жандыктын денесин ааламдын ар тарабынан жыйноого мажбур болушат.

Үн жок