ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 3
(1-161)

- Эмне кылып жатасың? Жазаланасың, мени да балээге калтырасың. Бул буюмдар мамлекеттики. Бул калайыккалк бала-чакасы менен жоокер же кызматкер болуп алыщкан. Бул эл кийимдерин өзгөрткөн аскер сыяктуу иштеттирилүүдө. Ошол үчүн сага эчким унчугушпайт. Бирок, мыйзам абдан күчтүү. Падышанын ар жерде телефону жана сакчылары бар. Тезирээк барып кулдук уруп жардам тиле. Бирок ал селсаяк адам кежирленип мындай деди:

- Жок, мамлекет малы эмес, балким ээсиздир. Ар ким каалаганындай колдоноалат. Бул сонун нерселерден пайдаланууну токтото турган эч кандай себеп көрбөй турам. Көзүм менен көрмөйүнчө ишенбейм,

- деди. Жана кээ бир философторго окшоп көп тантырак болбогон бош сөздөрдү айтты. Ал экөөнүн арасында чындап эле талашыптартышуу башталды. Оболу ал селсаяк адам мындай деди:

- Падыша ким экен? Тааныбаймын... Андан кийин жолдошу ага жооп катары:

- Бир айыл башкармасыз болбойт. Бир ийне устасыз болбойт, ээсиз боло албайт. Бир тамга жазуучусуз боло албайт, билесиң. Анан кандайча укмуштай чексиз даражадагы мыйзамдуу бул мамлекет Акимсиз болот? Жана мынчалык көп байлык бар, ар саатта бир поезд (түшүндүрмө)1 кайыптан келип жаткандай кымбаттуу, че-берчилик менен жасалган нерселерге толтура келет.
Үн жок