ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 6
(1-161)

ЭКИНЧИ ЖОЛ: Мына ушул көзгө көрүнүп турган иштерге карачы; эң жарды, эң алсыздан тартып бүт бардыгына кемсиз, эң сонун азыктар берилип жатат. Багаркөрөөрү жок оорулуулар абдан жакшы багылып жатат. Ошондой эле абдан кымбат баалуу жана укмуштай даамдуу тамак-аштар, идиштер кооздолгон кийимдер, саймалар, укмуштай урматсый бар. Дыккат эт, сен сыяктуу селсаяктардан башка бүт баары милдеттерине абдан кө-ңүл бурушат. Эч ким чегинен кичине болсо да ашпайт. Эң жогорку макам ээси Анын айбаты астында эң бийик баш ийүү жана кичипейилдүүлүк бир коркуу менен кызмат кылат. Демек, бул салтанат ээсинин абдан чоң бир кереми*, абдан кенен бир ырайымы бар. Ошондой эле эң чоң иззети*, абдан улуу хайсийети (касиети), намысы бар. А керем* болсо ырыскы нимет берүүнү каалайт. Ырайымдуулук болсо ихсансыз* боло албайт. Иззет* болсо гайретти (дыккаттуулукту) талап кылат. Касиет жана намыс болсо адепсиздердин тартипке келүүсүн каалайт. Чын чынына келгенде бул мамлекетте ошол ырайымга, ошол намыска ылайык иштерден миңден бирөө да жасалбай жатат. Заалим зулум көрсөткөн бойдон, кордук көргөндөр зордук көргөн бойдон бул дүйнөдөн көчүп кетип жа тыша т.

Демек, тигил дүйнөдөгү улуу сурак жерине калтырылууда.

ҮЧҮНЧҮЖОЛ: Карачы, кандай гана.улуу хикмет* менен, бир тартип менен иштер жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле кан-чалык чыныгы бир адилеттүүлүк, бир мыйзам менен мамилелер көрүлүүдө. Чынында бул мамлекеттин башчысынын хикмети* салтанатынын коргоо канатынын астына киргендерге сый-урмат көрсөткүсү келет. Адилеттүүлүк болсо баш и-йүүчүлөрдүн укуктарынын сакталышын каалайт. Эмне үчүн дегенде мамлекеттин касиети, салтанатынын улуулугу корголсун.

Үн жок