ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 7
(1-161)

Чынында, бул жерлерде ал хикметке, ошол адилеттүүлүккө татыктуу иштерден миңден бири да жасалбоодо. Сен өңдүү селсаяктардын көбү жаза көрбөстөн бул жерден көчүп өтүп кетип жатышат.

Демек, бир Махкеме-и Күбрага калтырылууда.

ТӨРТҮНЧҮ ЖОЛ: Карачы, чектелбеген сан жеткис бул көргөзмөлөрдө болгон теңдеши жок кымбат баалуу байлыктар, бул дасторкондордогу теңдешсиз даамтамактар бул жерлердин Падышасынын, чексиз жоомарттыгын, эсепсиз толтура казыналары бар экендигин көрсөтүп жатышат.Чынында, мындай жоомарттык жана түгөнбөс казыналар - түбөлүктүү жана кааланган нерселердин бүт баары бар болгон бир сый-урмат жерин талап кылышат. Ошондой эле ал сыйдан татып лаззат* алгандардын ал жерде да жашоосунун улана берүүсүн каалайт. Неге дегенде, өлүп жок болуу жана айрылуу менен кыйналуунун азабын чегишпесин дейт. Анткени, кайгыкапалардын бүтүшү лаз-зат болгондой, лаззаттардын бүтүшү да кайгыкапа болот.

Бул көргөзмөлөргө карачы! Ушул жарыяларга дыккат эт! Жана бул жарчыларга кулак сал, мужизелүү* бир падышанын антиквардык чыгармаларын кейиптендирүүдө жана көргөзүүд&* 25#1.К7;яшөтүүдө.Теңдешсиз рухий жамалын баян кылууда. Жашыруун сулуулугунан сөз кылууда. Демек, анын абдан маанилүү, таң калтыруучу кемалаты жана рухий жамалы бар. Жашыруун, кемчиликсиз кемал* болсо - мактоочу, сулуулугун таанып "Машааллах"* деп күбө болуучуларга көрсөткүсү келет. Жашыруун, теңдеши жок жамал болсо - көрүнгүсү жана көргүсү келет. Башкача айтканда, өз жамалын эки жактан көргүсү келет.
Үн жок