ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 10
(1-161)

Ошондой эле падышанын ыраазы болуп көңүлүнөн чыккан нерселери - ырайым жана адилетинин талап кылуусу. Ага бул иштер өтө оңой келет, оор келбейт. Бул мейманканалардагы туруксуз көрүлө турган жерлерди жараткан сыяктуу да оор келбейт. Үлгүлөрүн гана көрсөтүү үчүн беш-алты күн көргөзмөлөргө ушунчалык чыгым жасаган экен, бул мамлекетти курган экен, ал-бетте чыныгы казыналарын жана кемалатын*, өнөрлөрүн Салтанат сарайынын борборунда ушундай сонун көргөзмөлөрдү ачат дейсиң, акыл-эс айрантаң калат.

Демек, бул сыноо майд, бул сыноо майданындагылар ээн ташталган эмес; аларды бакытка толгон саадат сарайлары жана зындандар күтүүдө.

АЛТЫНЧЫ ЖОЛ: Кел эми, карачы, бул шумдук поезддер, самолёттор, курал-жабдыктар, кампалар, көргөзмөлөр жана жасалып жаткан иштер парда аркасында Анын улуу салтанатынын бар экендигин көрсөтүүдө (Түшүндүрмө)?.

2 (Түшүндүрмө): Мисалы; азыркы заманда машыгуу майданында, согуш ыкмасы боюнча: " Мылтык ал, штык так!", - деген буйрук менен түмөндөгөн аскерлер найзалуу бир токойго окшогондой; Ар бир майрамда парадка чыгуу үчүн:
Үн жок