ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 13
(1-161)

ЖЕТИНЧИ ЖОЛ: Жүрү бираз кыдырып келели. Бул маданий калктын ичинде эмне бар, эмне жок экенин көрөлүк. Мына карачы!... Ар жерде, ар бир бурчта көптөгөн фотоаппараттар орнотулган, сүрөт тартып жатышат. Карачы, ар бир жерде көптөгөн катчылар отурушат, бир нерселерди жазышууда. Ар бир нарсени тиркеп жатышат. Эң маанисиз бир ишти, болбогон жөнөкөй окуяларга чейин жазып жатышат. Аа!.. Тээ тигил бийик тоодо Падышага тиешелүү бир чоң фото аспабы курулган экъъ.(Тушундүрмө)3. Бул жерде эмне окуя болсо бүт баарын сүрөткө түшүрүп алууда. Демек, ал Падыша мамлекетиндеги жасалып жаткан кыймыл-аракеттин бардыгын тиркеп-жазып турууга буйрук берген. Демек ал чоң Падыша бүт окуяларды жаздырат, сүрөттөрүн тарттырып алат. Мына бул дыккатттуу жазып а луулар жана тиркеп сактоолор - албеттч суракка тартуу үчүн. Андай болсо эң ки чинекей кулдун эң кичинекей кыймыл аракеттерин көздөн качырбаган бир Хаким-и Хафыз*, эч мүмкүн бекен; кулдарынын эң жогоркуларынын эң чрң кыймыл-аракеттерин сактабасын, суракка тартпасын, акысын жана жазасын бербесин?! Чынында, ал Падышанын иззетине* жана намысына тие турган жана ырайым дуулугу эч кабыл этпей турган мамилелерди эң жогорку даражадагылар жасоодо. Бул жерде жазага тартылып жаткан жери жок.

3 (Түшүндүрмө): Ушул жолдун ишаарат кылган маанилеринин бир бөлүгү жетинчи акыйкатта ба-ян кылынган. Бир айта кете турган нерсе, бул жердеги Падышага тиешелүү фото аспап ишаараты жана акыйкаты - "Левх-и Махфуз"* демек. Левх-и Махфуздун бар экени Жыйырма Алтынчы Сөздө мындайча далилденген: Кандайча кичине кичине күбөлүктөр чоң бир дептердин бар экендигин далилдейт жана кичине кичине эсеп кагаздары чоң бир эсеп дептеринин бар экендигин көрсөтөт.
Үн жок