ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 14
(1-161)

Сы-зылып аккан кичинекей суулар чоң бир булактын бар экендигин билдирет. Так эле ошондойчо: кичине кичине күбөлүк сыяктуу; жана кичинекей Левх-и Махфуз маанисинде; ошондой эле чоң Левх-и Махфузду жазган калемден чыккан кичине кичине чекиттер түрүндө болгон адамзаттын эске тутуу жөндөмдүүлүгүн, бакдарактын жемиштери, жемиштердин данектери, уруктары албетте бир Хафыз-ы Күбраны*, бир чоң дептерди жана Левх-и Махфуздун бар экендигин далилдейт. Акылы барларга көрсөтөт.

Демек, бир Махкеме-и Күбрага * калтырылууда.

СЕГИЗИНЧИ ЖОЛ: Кел, сага ал Падышадан келген кабарды окуп берейин. Карачы, кайта кайта убада берип жатат жана катуу эскертүүдө: "Силерди ал жерден алып, Салтанат Сарайымдын борборуйа алып келемирг жана мага баш ийип мый-замдарымды аткаргандарды бакытка бөлөймүн, мага каршы чыккандарды түрмөгө камаймын. Ал туруксуз жерди талкалап, түбөлүктүү сарайлары, зындандары бар болгон башка бир мамлекет курамын Г. Берген убадасын аткарыш ал Падыша үчүн опоңой. Баш ийген кулдары үчүн да өтө маанилүү. Убадасына турбай сөзүнөн таюу - Кудуреттүү Күчүнө терс келет.

Мына эй селсаяк! Сен жалган пикириңди, түшүнүксүз акылыңды, алдатуучу нефсиңди колдоп жатасың. Эч бир жактан каршы чыгууга мажбурлугу болбогон, эч бир тараптан каршылык касиетине жарашпаган жана көрүнгөн иштердин бардыгы сыддыкына*(тууралыгыйа) күбөлүк кылган Бирөөнү жалганга чыгаргың келет. Албетте абдан күчтүү жазага татыктуу болосуң.
Үн жок