ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 17
(1-161)

Карачы бир сыйкыр бар. Ал имараттар күтүлбөгөн жерден кыйрады. Башка бир кейипке кирди. Карачы бир мужизе* бар. Ал талкаланган имараттар бир заматта бул жерге курулду. Кудум бул чөл жери бир маданий шаарга айланды. Назар сал, кино пардалары (фильмдин экрандары алмашкандай) сыяктуу ар саата башка бир аалам көрсөтөт. Башка бир көрүнүш алат. Буга көңүл буруп кара: ушунчалык аралаш, тез, көптөгөн, чыныгы пардалардын ичинде ушун-чалык сонун тартип бар, ар нерсе орду ордуна коюлат. Кыялыбыздагы кино пардалары дагы мынчалык тартиптүү боло албайт. Миллиондогон сыйкырчылар топтолсо да бул кереметтүү иштерди жасай албайт. Демек, бизге көрүнбөгөн ал Падышанын абдан чоң мужизелери* бар.

Эй селсаяк! Сен:"Бул чоң мамлекет кандайча талкаланып башка бир жерде курулат?",- дейсиң.

Мына көрүп турасың: Ар бир саат, сенин акылыңа сыйбаган ал жер алмаштыруу сыяктуу көптөгөн төңкөрүштөр, ооштурмалар болууда, Ушул жыйналуу, чачылуудан жана башка көрүнүштөрдөн мындайча түшүнсө болот: бул көрүнгөн чагылган ылдамдыгындай болгон жыйналыштар, тарап кетүүлөр, жаралуулар, кыйроолор ичинде башка бир максат бар. Бир саатык жыйналыш үчүн он жылдык чыгым жасалууда. Демек бул ахыбалдар максуд-у биззат* эмес. Ал - бир тамсил, бир окшоштуруп тууроо. Ал Падыша буларды мужизе менен жаратууда. Эмнеге дегенде сүрөттөрү алынып жана натый-жалары сакталып жазылуусу үчүн. - Кандайча машыгуу майданында ар бир иш тиркелип, жазылып коюлган эле - Демек, "улуу жыйналыштагы" мамилелер булардын үстүнө уланат. Ошондой элс улуу көргөзмөдө түбөлүккө көргөзүлөт. Демек, бул туруксуз, чечимсиз жагдайлар соңунда туруктуу көрүнүш, түгөнбөс-бүт-пөс жемиштерин берет.

Демек, бул кубулуштар жөн жай эле эмес, бир улуу саадат, бир Махкеме-и Күбра жана биз билбеген бийик максаттар үчүнжасалуда..

Үн жок