ХАШИР БАЯНЫ | ХАШИР БАЯНЫ | 20
(1-161)

Бул эре-же муну түшүндүрөт: күбөлүк ээси башка жерге чакырылат, башка дүйнө үчүн кызмат кылат. Карачы, ушул дептерлерде курал-жарактардын пайдалануу жолдору жана аны колдонуудагы жоопкерчилиги көрсөтүлгөн. Эгер жалгыз гана бул майдандан башка чексиз, түбөлүктүү жерлер болбосо; ушул маанилүү дептерлер менен күбөлүктөрдүн эч бир мааниси калбайт болчу. Ошондой эле ушул кадырлуу миң-башы менен жүзбашы жана азиз раис; элдин баарынан төмөн, баарынан бечара, алсыз, жарды жана эң төмөнкү даражага түшүп калмак болчу. Ошого карап салыштыр. Кайсы нерсеге дыккат этсең эт буга күбө болушат: Бул жалган дүйнөдөн кийин бир түбөлүктүү чын дүйнө бар...

Эй досум! Демек, бул убактылуу мамлекет бир талаа сыяктуу. Бир таалимтарбия алуу жери жана бир базар жери. Албетте аркасынан бир Махкеме-и Күбра жана улуу бүтпөс бакыттаалай келет. Эгер муну кабыл этпесең; жокко чыгарсаң; бардык башчылардагы күбөлүктөрдү, дептерлерди, жабдыктарды, эрежелерди, балким ушул мамлекеттеги бардык тартилти, керек болсо өкүмөттү жокко чыгарууга мажбур болосуң жана бардык болгон иштерди жок деп эсептөө керек. Анда сага адам баласы жана акыл ээси деп айтыл-байт. Софестаилерден* да акылсыз болсуң...

Мекен алмаштыруунун далилдери ушул "ОН ЭКИ ЖОЛ"мъъен. гана бүттү деп ойлобо. Керек болсо, сан жеткис далилдери бар. Ушул чечимсиз, туруксуз мамлекет бүтпөс туруктуу бир мамлекетке алмашат. Ошондой эле санак жеткис ишаараттары, алааматтары :Бул калайыккалк ушул туруксуз мейманканалардан алынып Салтанат Сарайынын борборуна алпарылат.

Үн жок